Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Астанада Казак хандыгынын 550 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Астана шаарында Казак хандыгынын 550 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Мааракеге арналган маданий жана спорттук иш-чаралар 11-сентябрда башталган. Анда президент Нурсултан Назарбаев Казакстанды “Улуу талаалардын өлкөсү” деп атоону сунуш кылган.

“Жалпы Совет мезгилинде Казакстандын, Казак хандыгынын тарыхы өтө кыска курста окутулчу. Кийин өлкө төбөлсүздүк жылдарында кеңири окутула баштады. Ал тарых боюнча Алтын ордодон бөлүнгөн Керей менен Жаныбек султандар Талас боюнда Казак хандыгын түзгөн”, - деп айтып жатышат түз көрсөтүлгөн видеодо алып баруучулар.

Назарбаев казак хандыгынын 550 жылдыгы белгиленерин орус президенти Владимир Путиндин “казактарда мамлекеттүүлүк эч качан болгон эмес деген” сөзүнөн кийин жарыялаган.

Путиндин былтыр августта Орусия Крымды аннексиялагандан кийин айтылган бул сөзү казак коомчулугунда кескин сынга кабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG