Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Сарпашев: Мугалимдер биометрикалык маалымат чогултууга гана тартылган


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөдө бир дагы билим берүү мекемесинде шайлоо штабдары ачылбаганын билдирди. Бирок ал биометрикалык маалыматты чогултуу жараянына информатика сабагынан берген мугалимдер тартылганын жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамында мугалимдер бар экенин ырастады. Ошол эле учурда ал мугалимдер үгүт иштерине катышпаганын кошумчалады.

Буга чейин шайлоого бараткан айрым партия лидерлеринин мектептерде штаб ачылган көрүнүштөр болуп жатканын айтып чыкканы белгилүү. (AzK)

XS
SM
MD
LG