Пакистандын аба күчтөрүнүн мурдагы учкучу Саид Шиба Ахмад “ал-Каиданын” Түштүк Азиядагы жаңы бучкагына жана террордук чабуулдарды каржылаган деп шектелүүдө.
Полиция өкүлүнүн (Навад Кавайжа) маалымдашынча, Карачиде жана Иранда эки химиялык компаниясы бар ишкер согушчул топко, андан мурда Ооган талиптерине чоң суммада жардам берип турган. Ал май айында 50 шиит исмаилиттин өлүмү менен аяктаган чабуулду да каржылаган.
Ахмадинин жакында Пакистанда жана Ооганстанда пайда болгон “Ислам мамлекети” тобу менен байланышы да иликтенүүдө. Себеби анын компьютеринен бул экстремисттик уюмдун каты табылган. Ахмад бир кезде Карачидеги чоң мечиттердин биринде үзбөй кутпа окуганы айтылат.