Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

“Сүтак” тасмасы эл аралык “Киношок” фестивалынын жеңүүчүсү болду


Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы.
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы.

13-20-сентябрда Орусиянын Анапа шаарында өткөн эл аралык фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн, Латвия, Литва жана Эстониядан толук метраждуу тасмалар көрсөтүлдү. Жыйынтыгында “Алтын лоза” деп аталган башкы байге кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасына берилди. Тасма буга чейин Чехиянын Карловы-Вары шаарында өткөн элүүнчү эл аралык фестивалында киносынчылардын атайын байгесине ээ болуп, "Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жеткен.

"Сүтак" 25-сентябрга чейин Алматы шаарында өтүүчү “Евразия” жана 28-сентябрга чейин Иранда боло турган “Жасмин” эл аралык кинофестивалдарына катышмакчы.

“Сүтак” тасмасында тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн турмушу баяндалат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG