Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

ЕАЭБ ишкерлерди тушады


Кыргыз өкмөтү өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен ишкерлерге бир топ жаңы мүмкүнчүлүк ачылат деп ишендирип келген.

21-сентябрда премьер-министр Темир Сариев ишкерлер менен жолугушуп жатып, бизнес менен алектенгендерге ар тараптан колдоо болорун билдирди. Анткен менен Кыргызстанда айрыкча орто жана чакан бизнес кыйын абалга капталып, каржылык каатчылыктан улам сатуу-алуу кескин азайды.

Баткендеги “Мол булак” кооперативи өрүктөн как даярдап сатуу менен алектенет. Ишкананын жетекчиси Абдрашит Халмурзаев бул тармактагы ишкерликтин негизги маселелерин айтып берди:

- Негизи өкмөт Орусия менен келишимдерди түзгөнгө жардам бериши керек. Себеби биз кайра иштетүү цехтерин ачканыбыз менен кардарыбыз, өнөктөшүбүз жок, мындан улам дагы эле сата албай отурабыз. Экинчиден, азыр элдин колунда сырье, өрүк турат, бирок биз ошону чоң көлөмдө сатып алганга каражатыбыз жок болуп жатат. Бизге Орусиядан бир-эки курдай өнөктөштөр келип кетти. Алар "кампаңды көрсөт, канча продукцияң бар" дешет экен. Бизде болсо андай, чоң продукция көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк жок. Азыр эми кыргыз-орус фондунан 12 пайыз менен насыя берилип жатат. Бул жакшы деңизчи, бирок сенин даяр кардарың болбогондон кийин аны алалбайт экенсиң.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тууралуу 21-сентябрда премьер-министр Темир Сариевдин жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуусунда сөз болду. Анда Сариев өкмөт бул тармакты жакшыртууга аракет жасап жатканын айтты:

- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөрдү алты жыл кошумча бажы төлөмүнөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Биз муну менен өзүбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүнүн көлөмүн 80 пайызга чейин жеткирели деп жатабыз. Азыр болсо өзүбүз өндүргөн продукциянын 10-15 гана пайызын кайра иштетип, калганын сырье, чийки түрүндө сатып жатабыз.

Премьер-министр өз сөзүндө өкмөт мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн азайтууга, салык түйшүгүн жеңилдетүүгө, коррупцияны жоюуга болгон аракетин жасап жатат деп билдирди. Анын ырасташынча, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен ишкерлерге жаңы бир топ мүмкүнчүлүктөр ачылат, байланыш-кызматташуу көбөйөт.

Сталбек Акматов - зергерлик ишкерлер бирлигинин төрагасы. Анын пикиринде, бизнесмендер азыр кыйын абалда турат.

- Азыр эң негизгиси элде нак акча жок болуп жатат. Ишкерлерде товар бар. Зергер ишкерлиги менен алектенгендер менен сүйлөшсөм, баары эле товар өтпөй калганын айтып жатышат. Элде акча жок болуп жатат. Ушул эле проблеманы башка тармактарда жүргөн ишкерлер да айтып жатат. Өндүрүш тармагында иштегендерге чынында оор болуп жатат.

Сталбек Акматов Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден ишкерлердин абалы жакшырат дегенге азырынча анчейин ишеңкиребей турат:

- Кандай жылыш болорун, жакшы-жаман болорун айтуу кыйын. Себеби жакшы болот дейин десе ошол эле Орусия, Казакстанда жана бизде да экономикалык каатчылык болуп жатат, киреше азайып, доллар көтөрүлүп, сом-рублдин баасы түшүп жатат. Ошондуктан жакшы болуп кетет деп айтуу өтө кыйын. Албетте жакшылыкка үмүт кылып, кандайдыр бир маселелерди ишкерлер өкмөт менен бирге, өнөктөш катары иштесек жеңил болот го деп ойлойм. Бирок дүйнөдөгү экономикалык каатчылык биздин экономикага да кедергисин тийгизип жатат.

20-сентябрь - Кыргызстанда ишкерлер күнү. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 1,5 миңдей орто жана чакан ишкана бар. Жеке ишкерлик менен кеминде 350 миңге чукул адам алектенет. Жалпысынан бул тармакта жарым миллионго жакын адам иштейт. Орто жана чакан бизнестин ички дүң продукциядагы көлөмү 40тай пайызды түзөт.

XS
SM
MD
LG