Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Савченко сотто өзүнө тагылган айыптарды четке какты


Орусия -- Надежда Савченко сотто, 22-сентябрь, 2015.
Орусия -- Надежда Савченко сотто, 22-сентябрь, 2015.

Украин учкучу Орусиянын Донецк аттуу чакан шаарында өтүп жаткан бүгүнкү сотто өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен анын баары жалган жалаа экенин айтып, өзүн жана иштин башка катышуучуларын калп детекторун пайдалануу менен суроону талап кылды.

"Мен куралы жок адамга эч качан ок чыгарган эмесмин. Мен киши өлтүргүч эмес, мен аскермин. Мен артиллерияда эмес, авиацияда кызмат кылгамын", - деди Надежда Савченко.

Ал былтыр Украинанын чыгышында эки орус журналисти өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, 34 жаштагы Савченко 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Савченко өзүн орусиячыл жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет. Украин бийлиги да ушундай ойдо. Президент Порошенко аны "Эрдик үчүн" ордени менен да сыйлаган. Украин бийлиги менен кошо Батыш өкмөттөрү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Орусиядан аны бошотууну талап кылып келатышат.

Бүгүнкү сот иши ачык өткөнүнө карабай журналисттер киргизилген жок. Кабарчылар үчүн башка бөлмөдө видеотрансляция уюштурулду.

Украин учкучу Надежда Савченко өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында жатат.


XS
SM
MD
LG