Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Жалал-Абадда шайлоо бекети аксакалдын "КСДПны колдойлу!" урааны менен ачылды


Жалал-Абадда шайлоо участокторунун бири жергиликтүү аксакалдын "КСДПны колдойлу!" деген сөзү менен ачылды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, шаардын №2093 шайлоо участогунда добуш берүүнүн ачылыш салтанатына катышкан эң улуу аксакал көпчүлүктүн алдында КСДПны колдоого үндөп сөз сүйлөдү.

Шаар мэри Салайдин Авазов калаада шайлоого карата толук даярдык көрүлгөнүн айтып, жараянды ачык жана таза өткөрүү керектигин билдирди.

Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо участогу жайгашкан, 41 миңден ашык шайлоочу катталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG