Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Сариев: шайлоочулардын аз болгону партияларга ыңгайлуу


БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин "Азаттыкка" билдиришинче, добуш бергендердин саны аз болсо, партияларга пайыздык бөгөттөн өтүү оңой болот:

- Мыйзамга ылайык, ар бир партия аймактан 0.7 пайыздан кем эмес добуш алыш керек. Эми айрым партиялар кээ бир аймактан саналуу гана добуш алса да, добуш бергендердин жалпы саны менен эсептегенде бөгөттү аттап өтө алат.

Акылбек Сариевдин пикиринде, шайлоочулардын солгундугу элдин партияларга көңүл коштугун көрсөтөт.

Буга чейин шайлоочулардын 50 пайызы добуш берсе гана шайлоо өттү деп эсептелчү. Бул шарт "Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентин шайлоо жөнүндө" 2011-жылы кабыл алынган мыйзамдан алып салынган.

БШКнын маалыматына ылайык, саат 16.00гө карата шайлоочулардын 38 пайызы добуш берди. (JM/ZKo)

XS
SM
MD
LG