Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Кэмпбел: Кундуздагы ооруканага сокку ооган армиясынын өтүнүчүнөн кийин урулган


АКШнын жана колициянын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы Кундуз шаарындагы ооруканага ооган армиясынын өтүнүчү боюнча сокку урулганын билдирди. "Чек арасыз дарыгерлер" уюму 3-октябрда 22 кишинин өмүрүн кыйган чабуул үчүн АКШ баштаган НАТОнун аскерлерин айыптаган. Генерал Жон Кэмпбел 5-октябрда Пентагондо сүйлөп жатып, “Ооганстандын күчтөрү душмандын турумдарынан аткылоого туш болушкан жана АКШ аскерлеринен абадан колдоо сурашкан” деди.

Генералдын айтымында, талиптерден жаралган кооптуу абалды жоюу үчүн урулган сокку капысынан карапайым кишилерге да тийген. Буга чейинки билдирүүдө чабуул америкалык күчтөргө пайда болгон коркунучка жооп иретинде жасалганы айтылган. Кэмпбел окуяны иликтөө ачык жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG