Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Ошто “БУУнун багы” ачылат


Бириккен Улуттар уюмунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата Ош шаарынын Черемушки кичи районунда​ "БУУнун багы" ачылат. Бул тууралуу аталган уюмдун өнүктүрүү программасынан кабарлашты.

Мындан тышкары бир ай бою Ош шаарында "БУУ агенттиктеринин ишмердиги сүрөттөрдө", "Ош: кечээ жана бүгүн", "Сулайман-Тоонун этегинде жашаган элдер" аттуу сүрөт көргөзмөлөр окуу жайларда жана административдик имараттарда уюштурулат.

Бириккен Улуттар уюму эл аралык кызматташтыкты жана тынчтыкты сактоо максатында 1945-жылы 24-октябрда түзүлгөн. Кыргызстан 1992-жылдын 2-мартынан бери БУУнун мүчөсү.(YI)

XS
SM
MD
LG