Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

БШК: Мадумаров күмөндүү 37 миң добуш боюнча арыз жаза элек


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Добуш санактан күмөн санаган “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров расмий арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрыла элек. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди.

Анын ырасташынча, добуш саноодо 37 миң айырма чыкты деген чындыкка коошпойт. Айрым участоктордон ашып кетсе, 30-40тан гана айырма болгон.

Кечээ, 6-октябрда Мадумаров Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы бюллетендерди кол менен санап чыкканда электрондук эсептегиден 37 миң добуш айырма чыкканын билдирген. Ал күмөндүү аймактардагы добуштарды кайра саноону БШКга сунуш кыларын билдирген болчу.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы бул жолу да 2010-жылдагыдай эле 7 пайыздык тосмону аша алган жок. Аталган партия парламентке өтүшү үчүн дагы он миңдей добуш керек.(UEz)

XS
SM
MD
LG