Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Сегиз айда 2 миңден ашуун аял үй-бүлөлүк зомбулукка учураган


Жыл башынан бери 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматында, 31ден 40 жаш курактагылар арасында үй-бүлөлүк чатактар көп болуп, аялдарга карата күч колдонулат. Кордук көргөн эки миңден ашуун аялдын жарымынан көбү иштебейт жана 90у пенсиялык куракта.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9 % психикалык кысымга алынат. Бир бөлүгү зордукталган. Бул жаатта акыркы сегиз ай ичинде 166 кылмыш иши козголгон.

1500гө жакын адам кордук көрсөткөнү үчүн административдик жазага тартылган. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG