Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен бүгүн митингге чыгышты. Ага 500дөй адам катышууда. Ушундай эле нааразылык акциясы 15-октябрда да болгон. Анда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров барып, элдин талабын уккан. Облус жетекчиси бүгүн да митингге келип, нааразылардын арызын укту жана бааны жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө убада берди.
Таласта ушул тапта тазаланган төөбуурчактын бир килограммы 35, ал эми таза эмеси 25 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 100 сомго чейин жеткен болчу. (SS)