Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Ош мэри жаңы көпүрөнүн алдына өзү турат


Бүгүн Ош мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы курулуп бүткөн көпүрөнү сыноо учурунда үстүнөн оор жүк ташуучу унаалар өткөн көпүрөнүн алдында турат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди. Маалымдалгандай, калаа башчысы көпүрөнүн сапаты начар деген тургундарды ишендирүү үчүн ушундай ишке барат.

Мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматовдун тушунда даярдык иштери башталган Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилүү алдында турат. Анын жалпы узундугу 1200, туурасы 24 метр.

Көпүрөнүн алдындагы коммуникацияларды жаңыртуу, жанаша кошумча жолдору менен курулушка 560 млн сом коротулду. (YI)

XS
SM
MD
LG