Бул тууралуу Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Аталган мекеме тарабынан уюштурулуп жаткан тегерек үстөл жыйыны “Ислам дининин Кыргызстанда радикалдашуусу: чакырыктар жана жооптор” деп аталат.
Жыйында учурдагы диний кырдаал, экстремизм жана радикализмдин арбышы, абак жайларда салттуу эмес диндердин жайылышы, Сирияга агылгандардын көбөйүшү жана анын алдын алып калуу сыяктуу суроолор талкууланат.
5-ноябрь күнү өтө турган жыйынга Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, ИИМдин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, теологиялык жана диний эксперттер, эл аралык журналисттер катышат. (ErN)