Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ноябрдын башында күн бузулуп, катуу суук болот


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, 1-2-ноябрда аба ырайы бузулуп, мезгил-мезгили менен катуу жаан, кар жаайт.

Тоолуу аймактардагы автожолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы күндүз кескин төмөндөйт.

1-3-ноябрда Чүй, Талас аймактарында жана тоо этектеринде -2° сууктан…+3° чейин жылуу.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 1…6° жылуу.

2-3-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында -1° сууктан…+4° чейин жылуу.

Тоолуу райондордо суук -1…-6° жетет, бийик тоолуу аймактарга -5…-10° суук түшөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну оорлоштурат.

Суук маалында ар кандай кырсыктардан оолак болуу үчүн министрлик уюлдук операторлор аркылуу шашылыш эскертүүлөрдү, СМС билдирүүлөрдү жөнөтүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG