Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:59

Франсуа Молен: Париждеги кол салууну үч топ жасаган


Францияда 129 адамдын өмүрүн алган, ондогон адамдарды жарадар кылган куралдуу кол салууну үч топ жасаганы тергөөнүн алдын ала жыйынтыгында аныкталды. Бул тууралуу Париждин прокурору Француа Молен билдирди. “Биз алар каяктан келишкенин жана кимдер каржылык колдоо көрсөткөнүн аныкташыбыз керек”, - деди прокурор. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды. Молендин белгилешинче, кол салгандардын жетөө өлгөн, алар белине жардыруучу кур байланган, жакшы куралданган адамдар болгон. Прокурор кол салгандардын бири Омар Исмаил Мустафа аттуу 29 жаштагы француз болгонун, ал мурда соттолгонун, бирок бир да жолу түрмөгө түшпөгөнүн билдирди. Аны кол салуу орун алган "Батаклан" концерттик залында бармак белгилери менен аныкташкан. Мустафа Париждин 25 чакырым түштүгүндөгү Куркорон шаарында туулган. Ал 2004-2006-жылдардан бери полициянын көз алдында болгон жана атайын кызмат анын диний радикал көз карашта экенин билген. Бирок экстремисттик уюмдар менен катыштыгы бар экени буга чейин аныкталган эмес. Учурда тергөөчүлөр анын Сирияга барган-барбаганын териштирүүдө.

Wall Street Journal гезити жанкечтилердин бири Германия менен Франциянын футбол командаларынын беттеши жүрүп жаткан Стад де Франс стадионуна кирүүгө жана трибунасына өтүүгө аракет кылганын, анын футбол оюнуна билети болгонун жазды.

Ошондой эле Молен Белгияда үч кишинин кармалышы Париждеги кол салууларга байланыштуу экенин кошумчалады.

13-ноябрдын кечиндеги Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуу, жардыруулардан 129 адам каза болду. 300дөн ашуун адам жараат алды. Жардырууларды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз жоопкерчилигине алган. Ага карабай Франциянын премьер-министри Мауэль Вальс Сириядагы ИМдин турумдарына сокку урууну улантышарын жарыялады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG