Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Пакистанда темир жол кырсыгынан кеминде 12 киши мерт кетти


Пакистанда адам өмүрүн алган темир жол кырсыктары тез-тез катталып турат.
Пакистанда адам өмүрүн алган темир жол кырсыктары тез-тез катталып турат.

Пакистандын тоолуу түштүк-батыш аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кетип, кеминде 12 киши набыт болуп, 70ке чукулу жараланганын "Рейтерс" агенттиги кабарлоодо.

Белужистан провинциясынын ички иштер министри Сарфраз Бугтинин айтымында, кырсык алыскы Болан районунда болду.

Поезд Равалпандиден Белужистандын баш калаасы Куеттага бара жаткан. Оор жаракат алган жүргүнчүлөр тик учак менен жакынкы ооруканаларга жеткирилди.

Пакистанда адам өмүрүн алган темир жол кырсыктары тез-тез катталып турат. Буга тоолуу аймактардагы темир жолдун абалы начар экендиги себеп болууда.

XS
SM
MD
LG