Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Ошто дагы жер титиреди


Сейсмология институтунун маалымдашынча, 6 - 6,5 баллдык жер титирөө бүгүн саат 10 дон 46 мүнөт өткөндө катталды. Жер силкинүүнүн очогу Ош облусундагы Кара-Сөгөт айылынан түндүк-чыгыш тарапты көздөй 7 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 30 чакырым аралыкта болду.

Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Лангар, Кара-Сөгөт, Бек-Жар, Чайчи, Кызыл-Туу айылдарында 6 - 6,5 балл, Ош шаарында 5 балл болуп сезилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17-ноябрда дагы күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда 3400 үй текшерилип, алардын ичинен 10 үй толук кыйраганы аныкталып, 383 үй жашоого жараксыз деп табылды.

725 үй капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги аныкталган. Жабыркагандарга 166 чатыр жөнөтүлгөн. Премьер-министр Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркагандарга өкмөт колдоо көрсөтөрүн, ошондой эле ыктыярдуу жардам берүүчүлөр үчүн атайын эсеп ачууну сунуштаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG