Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Депутаттардын машинесине өкмөт май куят


Жогоку Кеңеш
Жогоку Кеңеш

Жогорку Кеңеш депутаттарга берилчү артыкчылыктарды дээрлик сактап калды. Автоунаадан баш тартканы менен мамлекет берчү күйүүчү майды алмай болду.

Депутат расмий жөө калды

Депутаттардын чыгымын кыскартууну талкуулаган Жогорку Кеңештин жыйыны жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Ага мурдараак фракциялардан, парламент аппаратынан түзүлгөн жумушчу топтун парламент чыгымдарын ыраатташтыруу боюнча долбоору сунушталды.

Эртең менен башталган талкуу саат 2ге чейин созулду. Бул арада депутаттар бир танапис алганы менен, түштөнүүгө чыгышкан жок. Ар бир пункт өзүнчө добушка коюлду. Анын жыйынтыгын парламенттин ыгым-чыгымын кыскартуу үчүн түзүлгөн депутаттык топтун жетекчиси, вице-спикер Нурбек Алимбеков айтып берди:

- 111 автоунаанын 50сү калды. Аларды аппараттын, иш башкармалыктын кызматкерлери колдонот, конокторго кызмат көрсөтөт жана ар бир фракция бирден алат. Спикер менен вице-спикерлерди тейлейт. Парламенттин бала бакчасына мурда 50% жеңилдик менен балдарын беришчү. Азыр аны да кыскартып, 10 млн. сом үнөмдөдүк. Мындан тышкары, пансионаттардагы 50% жеңилдик депутаттардан алынып салынды. Аппарат кызматкерлерине калтырылды.

4-чакырылыштыкы 1,2 миллиард сом болчу, аны 2012-жылы 799 миллионго түшүргөнбүз. Төрт жылдан бери инфляция болгонуна карабастан Жогорку Кеңештин бюджети өзгөрүлгөн эмес эле. Бул жолу жалпысынан 50 миллион сом үнөмдөгөндө, суммасы 750 миллион сомго түштү.

Ошентип, бүгүнкү чечимге ылайык, депутаттар эртеңден тарта автоунааларды мине алышпайт. Ал эми калган кыскартуу 2016-жылдан тарта күчүнө кирет.

Автоунаалардан баш тарткан менен KG номерлерди депутаттардын өз машинесине тагып алууга макулдук берилди. Административдик кодекске ылайык, бөтөн номерди башка унаага тагуу кылмыш катары саналат. Бул жагын депутаттар кандай кылары азырынча белгисиз.

Мындан тышкары, депутаттын бир айлык чыгым фонду 40 миң сом бойдон калды. Ал сумма мурдатан эле депутаттын ай ичинде кылган ишине, кагаз-калем, байланыш, бензинине керектелчү.

Жан-жөкөрлөр жандан кетпейт

Ал эми жардамчы маселесинде 70 депутат калсын деп, 36сы каршы добуш беришти. Тактап айтканда, “Республика-Ата-Журттун” бардык, КСДПнын Чыныбай Турсунбеков баштаган 8 депутаты жардамчы алууга каршы болушту.

Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков жыйынды алып барып, залда болгону менен, эмнегедир добуш бербептир. Себебин тактоого мүмкүн болбоду.

Белгилүү болгондой, депутаттар үчүн Бишкекте 75 батирлүү 11 кабат үй бар. Алар өзүнүн үйү Бишкектен 20 чакырымдан алыс жайгашканын же үйгө муктаж экендигин далилдегендерге берилери белгилүү болду. Бирок азырынча канча депутат парламенттен батир алары белгисиз.

Буга чейин артыкчылыктардан таптакыр баш тартабыз деп келаткан "республика-атажуртчулар" бардык пункттар боюнча каршы добуш беришкенин, бүгүндөн тарта KG номерден, үйдөн, бир жардамчыдан баш тартканын билдиришти. Анткен менен фракция мүчөсү, чыгымдарды кыскартуу боюнча топтун мүчөсү Алтынай Өмүрбекова жалпы парламентти буга көндүрө албагандарына токтолду:

- Биз комиссия койгон максатыбызга толук жеткен жокпуз. Мына министрлерди карап көргүлө. "Жиптер" менен жүрүшөт көбү. Алыбызга жараша иш жасасак болмок. Ошондуктан биз чынында эле алгач Жогорку Кеңештин чыгымдарын олуттуу кыскартып, анан башка өкмөттүн органдарына көз салсак деп ойлогонбуз. Бүгүн андай болбой калды.

Кыскартуулардын күңгөй-тескейи

"Демократия жана жарандык коом" уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова айтылып жаткандарды депутаттардын артыкчылыктары деп эсептебейт. Ошондуктан ал парламенттеги кескин кыскартуу алардын ишине кедергисин тийгизмектигин эскертүүдө:

- Бешинчи чакырылышты көрдүк го. Ал жерде кол тийбестик чоң деле маселе болгон жок. Колтийбестикти алып салганда анда депутаттарыбыз “балык” болуп калышабы? Бюджети чоң деп артыкчылыктарын алып салсак, ал парламент иштей алабы деген маселени карашыбыз керек. Жардамчы иштебейт, портфель, кагаз ташыгандан башкага жардамы жок дегенден көрө, билимдүү жардамчыларды алып, ыкчам, эффективдүү иштегенге эмнеге болбосун. Өткөн чакырылышта мен билгенден, мисалы, Бекешевдин, Айтматованын жардамчылары мыкты болчу.

Экономист Азамат Аттокуров кризистик кырдаалды эске алганда элүү миллиондук кыскартуу бюджетке көп деле жеңилдик алып келбесин айтууда. Анын пикиринде, мындан башка да мамлекеттик кызматкерлер ири кыскартууларга барышы керек болчу:

- 800 миллиондон 50 миллионду кыскартуу көп деле жеңилдик бербейт. Дагы жакшылап карап чыгып, эки эсеге чейин кыскартууга болот. Андан сырткары президенттик аппарат, өкмөттүн аппараты бир миллиарддан акча коротот. Булар да эки эсе үнөмдөшү керек. Болбосо кризис убагында бюджетке абдан чоң залакасын тийгизет. Менин оюмча, үнөмдөлгөн акчаны ишкерликти колдоого жумшоо зарыл болчу.

Парламенттик шайлоо алдында бир топ жарандык активисттер талапкер партияларды депутаттардын артыкчылыктары менен жеңилдиктеринен баш тартууга чакырып, атайын декларацияга кол койдуруп алышкан.

Ага азыр парламентке өткөндөрдөн "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Республика-Ата-Журт" жана "Бир Бол" кол койгон. "Өнүгүү-Прогресс" бул идеяны колдогон эмес. А КСДП оозеки колдорун билдирген.

Парламентке өткөндөн кийин дароо эле КСДП менен "Ата Мекен" артыкчылык менен жеңилдиктен, кол тийбестиктен баш тартууну фракцияда карап, колдогон эле.

Бирок, бүгүнкү жыйынтык таптакыр башканы көрсөттү.

XS
SM
MD
LG