Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин бүгүн билдиргендей, Красноярск, Чувашия, Оренбург, Курс, Калуга аймактарында жана Москвада соңку күндөрү жасалма алкоголго ууланып өлгөн же ооруканага түшкөн адамдар ондоп саналат.
Маркин сапатсыз алкоголдук ичимдиктердин курамындагы метанол спиртинен канча адам ууланганын так айткан жок, бирок өлгөндөр саны өсүп жатканын кошумчалады.
Красноярск шаарында жасалма Jack Daniel вискисин ичип, 11 адам өлгөндөн кийин кечээ бийликтер алкоголдук ичимдик саткан алты кишини камакка алышты. (UE)