Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Британиялык бизнесмен орус башкы прокурорунун айыптоосун четке какты


Орусиянын Башкы прокурору Юрий Чайка жана Hermitage Capital инвестициялык компаниясынын жетекчиси Уильям Браудер
Орусиянын Башкы прокурору Юрий Чайка жана Hermitage Capital инвестициялык компаниясынын жетекчиси Уильям Браудер

Hermitage Capital инвестициялык компаниясынын жетекчиси Уильям Браудер Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана жакындары боюнча иликтөө жүргүзүүгө, фильм тартууга же аны каржылоого катышпаганын билдирди. Өз дарегине айтылган айыптарды болсо британиялык бизнесмен “акылга сыйбас” деп сыпаттады.

Юрий Чайка Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун иликтөөсүнө Браудер заказ берген деп күнөөлөгөн. «Коммерсант» басылмасынын катына жооп берген башкы прокурор «Навальныйдын ролу анча чоң эмес деп ойлойм”, иликтөө Браудер жана анын артында турган атайын кызматтардын буюртмасы менен жүргүзүлгөнүнөн күмөн санабаймын деп жазган.

Дүйшөмбү күнү белгилүү болгондой, Москва шаарынын Пресненск райондук соту ал фонддун Чайкага каршы доо арызын кароодон баш тартты. Фонддун өкүлдөрү Башкы прокурордун иликтөө тууралуу сөздөрү уюмдун ар намысына көлөкө түшүрдү деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG