Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Аткаминерлердин аңчылыгы иликтенүүдө


Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо)
Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо)

Кадамжай райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин атып алган тоо эчкиси менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, кызуу талкуу жаратты.

Аны менен сүрөткө кошо түшкөн эки жарандын бири жаратылышты коргоо кызматкери болсо, экинчиси салык кызматкери экени аныкталды. Прокуратура менен аңчылык департаменти ички кызматтык териштирүү ишин баштады.

14-декабрда интернетте Кадамжай районунун прокуратура, салык жана экологияны коргоо кызматкерлери үч тоо текени атып алышкан сүрөтү тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Ошондой эле укук коргоо жана экологияны сактоо кызматкерлеринин азайгандан азайып бараткан тоо текелерине аңчылыкка чыгуусу мыйзамдуубу, жаратылышты коргой турган мамлекеттик кызматкерлердин мылтык асынып мергенчиликке барышынын моралдык жоопкерчилиги кандай деген суроолорго жем таштады. Сүрөттөгү Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев “Азаттыкка” тоо текеге аңчылык кылганын моюнга алып, бирок жарыяланган сүрөт өткөн жылы тартылганын айтат.

- Мен былтыр мергенчилик кылууга тийиштүү лицензия алгам. Бир кийик же теке уулоого уруксат кагазым бар болчу. Быйыл лицензиям жоктугуна байланыштуу аңчылыкка чыкпадым. Бул бир жыл мурдагы сүрөттөр. Кааласаңар расмий суроо-талаптын негизинде лицензияны көрсөңөр болот.

Башкы көзөмөл органынын ички коопсуздук кызматы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин аңчылык чуусу боюнча ички кызматтык иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Баткен облустук прокуратурасынан “Азаттыка” билдирип, иликтөө жыйынтыгы менен расмий маалымат берилерин кабарлашты.

Ал эми аңчылык департаменти да бул окуя боюнча дароо иликтөө иштерин жүргүзгөн. Департамент жетекчисинин орун басары Кумар Мамбеталиев өткөн жылкы аңчылык кылуу боюнча Акимбековдун тийиштүү уруксат кагаздары бар экенин айтып, бирок маселе сүрөттүн качан тартылганын аныктоого келип токтогонун ырастады.

- Биздин кызматкер Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев менен жолугуп, маселени жеринен иликтеген. Анда, маалым болгондой, өткөн жылы тоо эчкисин атууга тийиштүү кагаздардын баары бар экен. Мыйзамдык негизде уруксат алынган. Сүрөттө көрүнүп тургандай үч тоо эчкисине тең уруксат бар. Бирок сүрөт качан тартылганын иликтөө биздин ыйгарым укугубузга кирбейт экен.

Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев өткөн жылы тоо эчкисин атуу үчүн 600 сом акча төлөп, Кадамжай район аймагындагы Кара-Шоро жайлоосунан аңчылык кылууга уруксат кагазын алган. Өткөн жылы тоо эчкилерине аңчылык кылуу сезону 15-декабрда аяктаган. Быйылкы жылы аңчылык сезону 1-декабрда аяктаган. Анын үстүнө бул жылы тоо эчкилерине аңчылык кылуу баасы 11 миң сом болгон.

Социалдык тармактарда кайберен атып алган аткаминерлердин сүрөтү ачыкка чыгып, кызуу талкууга түшүп калганы үчүн гана териштирүү, кызматтык иликтөөлөр башталууда. Ошондуктан социалдык тармакта пикирин билдиргендер дагы канча деген аткаминерлердин жапайы жаныбарларга аңчылыкка чыгуусу белгисиз калып жатты экен деген суроо коюшууда.

Кадамжайдагы аткаминерлердин аңчылыгы боюнча да прокуратура кызматы тыкыр иликтөө жүргүзүп, андан башкаларга сабак болгондой жыйынтык чыгарышы керек дейт жергиликтүү журналист Уланбек Маккамбаев ырастайт.

- Маселе - бүлгүнчүлөрдүн көпчүлүгү ачыкка чыкпай, бир топ тоо эчкилери атылып, кала берсе эти сатылып жатканында. Мыйзамдуу болсо каршы эмеспиз, бирок баары эле мыйзамдуу уруксат алып, анан тоо текеге аңчылык кылып жатат деп ким кепил боло алат?

Облустук прокуратурадан Алтынбек Акимбаевдин бул иши боюнча жакынкы 2-3 күндө иликтөө жыйынтыкталып, баа берилерин, ал коомчулукка жарыяланарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG