Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Базар-Коргондо 14 жаштагы кыз тамакка ууланып каза болду


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районун тургуну 2001-жылы туулган Уланбек кызы Диана консерваланган азыкты колдонуп, ботулизм дартынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери Замир Мырзабеков "Азаттыкка" билдилди.

9-декабрь күнү үй шартында даярдалган туздалган бадыраң жеп, уулануудан улам бир үй-бүлөдөн беш адам бейтапканага жеткирилген. Натыйжада оор абалдагы кыз көз жумуп, 10 жаштагы баласы дале өзүнө келе албай жатат. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык.

Быйыл жыл башынан бери ботулизм дартына 24 адам чалдыгып, төртөө каза болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG