“Кыргыз тилектештиги” деп аталган журналисттер биримдигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, сыйлык берүү салтанаты 20-декабрда Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында өтөт. Анда узап бараткан жылы түрдүү окуялардан улам эсте калган карапайым адамдарга атайын даярдалган диплом тапшырылат. Алардын арасында 4 эм төрөгөн айым, эрежеге баш ийбей койгон айдоочунун унаасына бир километрге чейин сүйрөлүп барган жол кайгуул кызматкери да бар.
Журналисттер биримдиги сыйлыкка талапкерлерди тандоодо башкалардан айырмаланып, жөнөкөй жарандарга басым жасаган. (NT\SE)