Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Путиндин туюк саясаты


Путин үч сааттык маалымат жыйынында 40тан ашуун журналисттин суроолоруна жооп берди.
Путин үч сааттык маалымат жыйынында 40тан ашуун журналисттин суроолоруна жооп берди.

Президент Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Орусия Сириядагы Асаддын режимин колдорун жана Түркия менен мамилени калыбына келтирүүгө мүмкүн эместигин билдирди.

Туура үч сааттан ашуун созулган маалымат жыйынында президент Владимир Путин Сириядагы Орусиянын аскерий операциясы аягына чейин улантыларын жана андагы Башар Асаддын режимин колдогон Кремлдин саясаты өзгөрбөстүгүн айтты. Муну менен ал Сириянын аскерлери өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлгө алганга чейин Орусиянын аба соккулары токтотулбай турганын ырастады.

Путин ошондой эле Орусия “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы согушуп жаткан башка күчтөргө да абадан колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Владимир Путин Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн соңку соккулары Асаддын оппозициясына кирген Сириянын түндүгүндөгү түркмөндөрдү кыргынга учуратканы боюнча суроого мындайча жооп берди:

- Мен андагы түркмөндөр жөнүндө эч качан уккан эмесмин. Мен биздин бир тууган түркмөндөр Түркмөнстанда жашаганын гана билем. Ал түркмөндөр тууралуу түшүнүгүм жок. Бизге алар боюнча эч ким эч нерсе айткан эмес. Түркиянын өкмөтү учакты атып эмнеге жетишти? Мен муну түшүнбөйм. Бизди Сириядан чыгып кетет дештиби? Албетте, жок. Орусия андай өлкө эмес.

Ошондой эле Путин Сириядагы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуу жана “Ислам мамлекети” тобунун каржылоо булактарынын тамырын кыркуу боюнча АКШ сунуштаган резолюциянын долбоорун колдой турганын айтты.

Анкара менен мамиленин келечеги

Мындан сырткары ал чек ара тилкесинде түрк аскер аба күчтөрүнүн орусиялык учакты атып түшүрүүсүнөн кийинки эки тараптуу мамиленин чыңалуусу жана анын келечегине карата маселеге өттү. Орусияда түрк ишкерлерине кысым көрсөтүү фактылары жана түрк студенттеринин чыгарылышы боюнча суроолорду Путин жоопсуз калтырды. Муну менен президент Владимир Путин Анкара менен мамиле жакында жумшарбай турганын туюнтту:

- Биз Түркиянын азыркы бийлиги менен бир пикирге келе албай турганыбызды практика көрсөттү. Ал жакта исламдашуу жараяны күчөп жатат. Муну көрүп Мустафа Кемал Ата-Түрк көрүнөн оодарылса керек. Учурда биз да Түркияда согушкерлер бар экенин каттоого алуудабыз. Алардын арасында биздин Түндүк Кавказдан барып калгандар да бар.

Ошол эле кезде Орусиянын президенти Грузия жана Украина менен чыңалып турган мамилени жөнгө салууга расмий Москванын ниети бар экенин кыйытты. Путин Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салууда Кремл орусиячыл сепаратисттик күчтөргө таасир этүүгө даярдыгын кыйытты.

Ошондой эле Владимир Путин грузин жарандары үчүн визасыз режимди калыбына келтирүү үчүн Москванын Тбилиси менен мамилени жакшыртуу ниетин кошумчалады.

Санаалаштарды сатпоо

Ал арада Орусиянын баш прокурору Юрий Чайканын мисалында бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция тууралуу суроого ынанымдуу жооп болбоду. Бир айдан бери кызуу талкууланган башкы көзөмөл органдын башчысы Чайканын уулдарынын коррупциялык чатагы туурасында суроого Путин мындайча жооп берди:

- Башкы прокурор тууралуу же анын уулдары мыйзамды бузганы жөнүндө айта турган болсок, анын бардыгын такташ керек. Баш прокурордун ишмердигинде кызыкчылыктардын кагылышуусу барбы, ал чын эле уулдарына жардам бергенби же жокпу, анын бардыгын кылдат текшерип чыгуу керек. Бул үчүн президенттик аппараттын көзөмөл функциясы бар.

Ошол эле кезде журналисттердин бири Путиндин өзүнүн кыздарынын бири Орусиянын илимдер академиясына жогорку кызматка коюлганы тууралуу суроо берди. Владимир Путин анын эки кызы Орусиядан билим алганын, учурда кандайдыр бир ишкердик же саясат менен алектенишпестигин айтуу менен гана чектелди.

Ошондой эле Путин өлкөнүн экономикасы оор учурду баштан кечирип жатканын айтып, мындай абал утурумдук экенин белгиледи. Орусия президенти рублдин наркын жөнгө салуу боюнча Борбордук банк бардык чараларды көрүп жатканын айтып, абал жакшы жагына оңолот деп жубатты.

XS
SM
MD
LG