21-декабрда президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Москвада жолугушуп, Кыргызстан менен Орусия биргелешип аткарууну макулдашкан долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эки өлкө башчылары макулдашкан долбоорлорду негизгисин Кыргызстанда бир катар ГЭСтерди куруу түзөт. Бирок аларды аткаруунун кечеңдеп жатышы декабрь айынын башында болгон кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында да белгиленген. (AiT)