Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Пакистан соту 9 кишини өлүм жазасына өкүм кылды


Пакистанда соңку учурларда террордук чабуулдар кайра көбөйө баштады.
Пакистанда соңку учурларда террордук чабуулдар кайра көбөйө баштады.

Пакистандын аскер соту акыркы жылдарда ондогон күч кызматкерлерин жана жайкын тургундарды өлүмгө алып келген бир канча чабуулдар үчүн айыпталган тогуз кишиге өлүм жазасын берди. 1-январда жасалган билдирүүдө бул соттолуучулар "өтө коркунучтуу террорчу" катары сыпатталып, алар "ал-Каида" террордук уюму менен Пакистан талибдеринин катарында болгону айтылат.

Пакистан өлүм жазасына киргизилген мораторийди четке каккан 2014-жылдан бери 300дөн ашуун адамды дарга аскан. Мораторий түндүк-батыштагы Пешавар шаарындагы мектепке талиб согушкерлери жасаган чабуул 150 адамдын, негизинен жаш балдардын өмүрүн алып кеткен соң, бул чабуулга айыпталгандарды жазалоого байланыштуу алынган.

Айрым сынчылар өлкөдө жабык өткөн аскер соттору акыйкат соттук териштирүүлөрдүн талабына жооп бербесин айтып чыгышкан. БУУ, ЕБ өлкөлөрү жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Пакистанды өлүм жазасына киргизилген мораторийди калыбына келтирүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG