Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын санкция киргизүү планына "ракеталык программаны кеңейтебиз" - деп жооп берди. Октябрда Иран баллитикалык ракетаны сыноодон өткөрүп, эми президент Роухани Коргоо министрлигине ракеталык программа боюнча жаңы тапшырмаларды берди.
Орто радиустагы “Эмад” ракетасынын сыноосуна каршы чыккан Ак үй Ирандын эл аралык компанияларына санкциялар пакетин даярдап жатат. Декабрдын ортосунда БУУнун байкоочулары бул ракеталар өзөктүк бөрктү ташый аларын баяндамага камтыган.
Wall Street Journal гезити жана Рейтер агенттиги маалымдагандай, жаңы санкциялар ондон ашык эл аралык компанияга таасирин тийгизип, анын ичинде Иран, Гонконг жана Бириккен Араб эмирлигинин ракета жасоого көмөктөшүп жаткан компанияларына каржылык сокку урат. (SDz)