Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Кувейт Сауд Арабияга тилектештик үчүн Ирандан элчисин чакыртып алды


Тегерандагы нааразылыктар.
Тегерандагы нааразылыктар.

Кувейттин бийлиги Сауд Арабия, Бахрейн жана Судандан кийин Ирандан өзүнүн элчисин чакыртып алып, Тегерандагы Сауд Арабия элчилигине кол салууну айыптады. Бирок анын билдирүүсүндө элчини чакыртып алуу эки тараптуу дипломатиялык мамилеге кандай таасир этери көрсөтүлгөн эмес.

Тегерандагы Сауд Арабия элчилигине кол салуу Эр-Риядда шиит динаятчысын өлүм жазасына тартууга байланыштуу чыккан. Андан соң Сауд Арабиясы Иран менен мамилесин үзүп, эки ортодогу соода байланышын жана аба каттамын токтоткон. Аны Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы бир топ мамлекеттер колдоп чыкты. БУУ, АКШ жана Түркия каршылашкан тараптарды ачууга алдырбоого чакырышты.

XS
SM
MD
LG