Чаткал токой чарбасында 120га жакын дарак мыйзамсыз кыйылган факт аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы аймактык экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын башчысы Ырысбек Ызабеков "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, 14-январда инспекторлор токой чарба аймагында "Эвентус" тоо кен казуучу ишкана дарактарды мыйзамсыз кыйып, казуу иштерин жүргүзүп жатканын байкаган.
Токой чарбасы 36 гектар аянтты келишим менен компанияга бергенин ырастаган.
Жеринде протокол түзүлүп, натыйжада 340 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, материалдар райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Өткөн жылы аталган башкармалык жалпы 300дөн ашык текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен тоо кен компанияларына экологиялык коопсуздук багытында 500 миң сомдон ашык доо коюлган. (RsK)