Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Жапония Намангандагы ГЭСти курууга жардам берет


Жапониянын TEPSCO компаниясы Өзбекстандын Наманган облусундагы Төрө-Коргон ГЭСин курууда консалтинг кызматын көрсөтөт. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып жазышынча, бул боюнча "Өзбекэнерго" аталган компания менен келишимге жетишти.

Өзбекстанда бул ГЭСти курууга 2013-жылдын августунан тарта даярдык көрүлө баштаган. ГЭС 900 МВт кубатка ээ болуп, жылына 7 миллиард кВт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Анын биринчи энергоблогун 2018-жылы, экинчисин 2019-жылы ишке киргизүү мерчемделүүдө.

ГЭСти курууга керектелчү акчанын 1 миллиард 100 миллион долларын Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги, 704 миллионун Өзбекстандын кайра куруу жана өнүктүрүү мекемеси, 300 миллион долларын "Өзбекэнерго" каржылайт.

Өзбекстан соңку жылдары айрыкча кыш мезгилинде энергетикалык каатчылыкка кабылууда. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кышкысын күнүнө 2-3 саат гана электр энергиясы берилери айтылып жүрөт. Бирок бул боюнча расмий маалымат айтылбайт.

XS
SM
MD
LG