Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Терроризмге каршы күрөштө адам укугу бузулууда


"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык уюму дүйнө өлкөлөрүн терроризмге каршы күрөштө же качкындар маселесин чечүүдө адам укуктарын садага чаап жатышканы үчүн сынга алды.

"Террордук чабуулдардан, жаңжалдардан жана массалык миграциядан чочулоо дүйнөнүн бир катар жерлеринде адам укуктарынын абалына залакасын тийгизбей койгон жок", - деп эскертет HRW жылдык баяндамасында.

27-январда жарык көргөн отчетто 90 өлкөдөгү кырдаалга сереп салынган.

- Артка кылчайып, 2015-жылга көз чаптырсак, “коркуу саясаты” өкүм сүргөнүн байкаса болот. Согуш оту алоологон Сирия менен Ирактан, Ооганстан же Эритрея өңдүү тынч эмес өлкөлөрдөгү кырдаал көптөгөн адамдарды үйлөрүн таштап башка жерлерге кетүүгө мажбур кылууда. Ал өлкөлөрдүн эли болсо ошол качкындардан чочулайт, Европадагы саясатчылар өз кезегинде бул жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланып келишет, - дейт уюмдун өкүлү Эндрю Штроляйн.

Андан тышкары авторитардык өкмөттөрдүн көбү терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшкө жамынып алып, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктаган учурлар аз эместиги мисал келтирилген.

Баяндама авторлору “Ислам мамлекети” радикал тобу дүйнөнүн улам бир жеринде уюштурган теракттар, мигранттар кризиси мусулмандарга, исламга каршы маанайдын, тынчсыздануу сезиминин өсүшүнө, расалык жек көрүүчүлүккө алып келүүдө. Ал эми бийликтер андай көрүнүштөргө өз убагында жооп кайтара албай жатышат деген тыянакка келишкен.

Баяндамада Орусия, Түркия жана Кытайда жарандык коомго, көз карандысыз маалымдоо каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленет:

- Орусия же Түркия сыяктуу өлкөлөрдө адам укуктарын бузуу учурлары көбөйгөнүнө күбө болуп келе жатабыз. Калың элдин коопсуздукка кабатырлануусун адам укуктарын басмырлоону актоо үчүн пайдаланышууда, - деп улантат Штроляйн.

Орусиядагы адам укуктарынын абалын сүрөттөөдө мисал катары Кремлдин сынчысы Борис Немцовдун киши колдуу болуп өлүшү, сексуалдык азчылыктардын укуктарын чектөө, жарандык активисттерге, бейөкмөт уюмдарга мыйзам түрүндө бут тосуулар келтирилет.

Укук коргоочулардын сынына кабылган Азербайжанда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Бакудагы бюросунун жабылышы, радио менен кызматташкан жана азери бийликтеринин бир топ коррупциялык иштерин ашкерелеген иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилованын 7,5 жылга соттолушу, активисттердин, журналисттердин жана адвокаттардын куугунтукталышы баяндалат.

HRW Иранда былтыр кеминде 830 кишини өлүм жазасына тартуу аткарылганын, көбү оор кылмыш жасагандар эмес же адилетсиз соттолгондор экенин белгилейт. Алардын ичинен бери дегенде төртөө кылмыш жасаганда 18 жашка чыга элек болушкан.

Ооганстан менен Пакистан болсо коопсуздук органдарына ашыкча ыйгарымдар берилгендиги үчүн сындалган. Ооган президенти Ашраф Гани кыйноолорго каршы чараларды жактырганы менен, уюмдун ырастоосунда, алар ишке жай ашырылууда, атүгүл 2014-жыл менен салыштырганда кыйноо учурлары былтыр көбөйгөн.

Пакистанда өткөн жылы армияга конституциялык бир топ укуктар берилген. Муну менен сын көз караштагы бейөкмөт уюмдарга, маалымат каражаттарына кысым күчөдү, диний азчылыктардын эркиндиктери басмырланууда деп бааланган. Жаратканга акаарат келтирүү деген берене боюнча бул өлкөдө өлүм жазасына өкүм кылынган кеминде 19 киши учурда өкүмдүн аткарылышын күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG