Жыл башында ишин токтоткон шаардагы муниципиалдык автобаза өз ишин баштай элек. Бул тууралуу аталган мекемеден "Азаттыкка" билдирди.
Маалым болгондой, автобазада айдоочулар күнүмдүк планды аткара албай, күйүүчү майга болгон карыз 3 млн сомдон ашып кеткен. Мындан улам алар менен иштешкен жеке компаниялар баш тартып, автобустар январь айынын башында токтотулган болчу. Ошондой эле айдочулар дагы 3 айдан бери маяналарын албай жатышат. Автобаза жамааты каржылык көмөк сурап шаар бийлигине кайрылган, азырынча бул маселе чечиле элек.
Мэриянын алдындагы автобаза 2010-жылы Кытайдан алынып келинген кичи авобустардын негизинде уюшулуп, 15 автобус шаарга каттамга коюлган болчу. (RsK)