“Газпром Кыргызстан” ишканасы Бишкектин түндүк бөлүгүнө 2-5-февраль күндөрү көгүлтүр от берилбей турганын маалымдады. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Малышев, Күрөңкеев, Беломор, Махатма Ганди, Саадаев, Ак тилек, Карагач капчыгайы көчөлөрүнө, Көлмө конушу менен Чоң Чүй каналы аймагына газ берүү токтотулат.