Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Министрдин орун басары Дөөлөтбек Алимбековдун белгилешинче, былтыр 16-17-ноябрда Ош облусунда болгон жер титирөө жалпысынан 1,5 млрд. сомго жакын материалдык чыгым келтирген. Алай, Кара-Суу жана Өзгөн районунун жабыркаган тургундарына 10-30 орундуу 162 чатыр, 130 мобилдик контейнер үй, 250гө жакын меш берилген. Алардын ичинен эл 42 чатырды жана 45 мешти кайтарып берген.
2015-жылы 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү өлкөнүн түштүгүндө күчү 7 баллга жакын жер титирөө катталган. Анда Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 172 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон. Мындан сырткары Алай, Өзгөн райондорундагы үйлөр да жабыркаган. (КЕ)