Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Ысык-Көлдө жаңы кургак учук ооруканасы салынат


Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал Ысык-Көлдөгү кургак учук ооруканасы талапка жооп бербей турганын жана жаңы имарат куруу боюнча сунуш киргизилгенин белгиледи. Министрдин айтуусунда, бул сунуш чет элдик инвестициялык программага киргизилет.

Жыйында эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу Караколдо жайгашкан оорукана шаардын чок ортосунда жайгашып, төрөт үйү менен бейтапкананын жанында экенин, анын ордун которуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын киши кургак учукка кабылат. Батыралиев бул илдет көбүнесе өспүрүмдөр менен чоң кишилерге жугарын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG