Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Талиптердин ана башыларынын бири рактан өлдү


"Талибан" 9-февралда жасаган билдирүүгө ылайык, дүйшөмбүдө кыймылдын жогорку лидерлеринин бири молдо Мохаммад Хасан Рахмани рактан каза болду.

Талиптердин жетекчилиги Пакистандын Кветта шаарында жайгашканы буга чейин айтылып келген. Кыймылдын башкаруу кеңешинин мүчөсү Рахманинин өлүмү Кабул өкмөтү менен согушкерлер ортосундагы тынчтык процессине залкасын тийгизиши ыктымал.

Ооган бийликтери талиптер менен тикелей сүйлөшүү баштоо максатында өткөн жылы маркум менен Кытайда жолугушкан. Рахмани 1980-жылдары советтик оккупация маалында моджахеддердин лашкер башчысы катары таанылган. Андан кийин талиптер Ооганстанда өз бийлигин орноткондо Кандагар провинциясынын губернатору болгон.

XS
SM
MD
LG