Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Иран аба майданы Өзбекстан үчүн жүк ташуу борборуна айланат


Ирандагы аба майдан.
Ирандагы аба майдан.

Иран бийлиги Тегерандагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортун Өзбекстанга транзиттик жүк ташуу үчүн бергени жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ташкенттеги элчиси Бахман Огарози Дурмани билдиргенин бүгүн "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Элчинин сөзүнө караганда, Өзбекстандын Навойи жана Ирандын Имам Хомейни аба майдандарынын жетекчилиги бул боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Тегерандагы аба майдан Өзбекстан өз продукцияларын башка өлкөлөргө алып өтүүсү үчүн транзиттик борбор кызматын өтөйт.

Иран элчиси эл аралык экономикалык санкциялардан бошогон Тегеран Өзбекстанга заманбап технологияларды жеткирип берүүнү караштырып жатканын да айткан. Элчи Дурманинин сөзүнө караганда, Иран менен Өзбекстан ортосунда соода жүгүртүү көлөмү эми жылына бир миллиард долларга жетиши мүмкүн. Азыр эки өлкөнүн соода-сатык көлөмү жылына 250 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG