Украина президенти Петр Порошенко Жогорку Радага кайрылып, өлкөнүн башкы прокурору Виктор Шокинди отставкага кетирүүнү сурады. Украинанын Конституциясы боюнча, президент баш прокурорду парламенттин макулдугу менен гана иштен алат.
16-февралда Шокин өз каалоосу менен кызматын тапшыруу үчүн арыз жазууга камынганы кабарланган эле.
Ал башкы көзөмөл органын жетектөөгө бир жыл мурун келген. (SE)