Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Эстонияда Орусия үчүн тыңчылык кылды деп айыпталган үч адам соттолду


Эстонияда Орусия пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган үч жаран үч түрдүү мөөнөттөгү абак жазасына кесилди. Бул тууралуу бүгүн эстон прокуратурасы билдирди. Бүгүнкү кабарга караганда, 21 жаштан 42 жашка чейинки үч киши Орусиянын атайын кызматтарына Эстониянын коопсуздук кызматы, куралдуу күчтөрү менен чек арачыларынын ишмердиги жана жылып жүргөн жерлери тууралуу маалыматтарды берип турганы үчүн эки жылдан төрт жыл он айга чейинки абак жазасын алды.

Өлкөнүн ички коопсуздугу боюнча кызматынын өкүлү Тартудагы маалымат жыйынында бул үч адам мамлекеттик кызматкер эместигин жана Эстониянын, же башка бир өлкөнүн мамлекеттик сырын билгидей мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG