Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстан-Евробиримдик каржылык макулдашуусу ратификацияланды


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев “Секторду реформалоого контракт – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул келишимге 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-январда кабыл алынган.

Европа биримдигинин “Секторду реформалоого контракт – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы өлкөнүн социалдык коргоо системасын өнүктүрүүнү колдоо аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG