4-мартта премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна иш сапары алкагында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жолугушууда өкмөт башчы бийик тоолуу жана алыскы аймактарга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоордун максаты – шарты катаал аймактарды жеңилдиктен ажыратуу эмес, бул тармакты тартипке салууну көздөрүн билдирди.
Сариев ошондой эле деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турган Нарын облусун жеңилдиктен ажыратуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады:
- Бул мыйзам долбоордун айланасындагы талкууларды эске алуу менен документ чакыртып алынды. Бүгүнкү күндө бул маселе жок. Ошол эле учурда мугалим, дарыгерлердин айлык-акысына кошумча коэффциентти кошуу боюнча маселе толугу менен чечилген.
Өкмөт башчынын Нарындагы жолугушууларына жергиликтүү кабарчылар киргизилген эмес. (MiK)