Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Оппозициянын көздөгөнү эмне?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда Бирдиктүү оппозициялык күч деп аталган кыймыл түзүлдү. Саясий айдыңдан четтеп калган саясатчыларды кандай кызыкчылыктар бириктирди?

Оппозициялык курама топту чын эле элдин көйгөйү ойлондурабы же кайра эле бийликке келүү кыялы азгырып жатабы? Деги эле коомчулук азыр оппозициянын табиятын кандай түшүнөт?

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы ушул суроого жооп издеди. Талкууга оппозициячы саясатчы Өмүрбек Суваналиев жана КСДП депутаты Рыскелди Момбеков катышты.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, сиз кошулган Бирдиктүү оппозициялык күч кыймылынын айрым мүчөлөрүнө токтололу. Мисалы, Мадумаров парламенттик шайлоого аттанып, депутат болуу бактысынан ажыраган саясатчы. Камчыбек Ташиев ийгиликсиз тандемдин катышуучусу, ал дагы парламентке келүү кыялын ишке ашыра албай жыдыган саясатчы. Сиз болсо учурунда мамлекеттик кызматтарды жетектеп, керек болсо президенттикке чейин талапкерлигиңизди коюп, марага жетпей калган саясатчысыз. Бирок баарыңыздар тең мурда-кийин бийлик бутактарында иштеп жүргөн адамдарсыз. Мындан улам, талдоочулар айтмакчы, сиздерди оппозиция дегенге караганда бийликке таарынгандар, бийликтен орун албай калгандар десе жарашат беле?

Өмүрбек Суваналиев: Жок, жарашпайт. Биз, сиз айтып өткөндөй, Жогорку Кеңешке талапкер болуп, президенттикке ат салышканбыз. Биз азыркы бийлик, президенттен жакшы иштейбиз деп чыкканбыз. Мен бул тууралуу 2010-жылы да эл аралап жүрүп айткам. Биз бирге жүргөнбүз оппозиция болуп, бирок Атамбаевди президенттикке талапкер катары көргөнбүз. Эмнеден улам 70ке чукул талапкер президенттикке ат салышты? Себеби Атамбаевдин деңгээлин билгенбиз. Биз ошондуктан азыр биригип чыгып атабыз.

"Азаттык": Рыскелди мырза, сиз деле журналист кезиңизде 2010-жылга чейин бийликчил "Ак жол” партиясын сындап, оппозицияга үзөңгүлөш болуп жүрдүңүз. Анын аркасы менен бир топ сый-урмат, мамлекеттик кызматтарга чейин барып, эми минтип парламентте депутат болуп отурганыңызды айткан элеңиз. Бийлик сересинде туруп алып, оппозициянын талабын уккан кандай экен?

Рыскелди Момбеков: Мага көнүмүш нерселер болуп атат. Мен мурда оппозицияда жүрүп айткан пикиримди азыр деле айтып жатам. Мурда айткан чындыкты азыр деле айтып жатам. Менин жүрүм-турумумду азыр Жогорку Кеңеште деле жактырбай жатканынан кабарым бар. Бирок ага карабай акты ак, караны кара деп айтам.

Оппозициянын көздөгөнү эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:29 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG