Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

ИМ тобунун химиялык куралдар боюнча адиси кармалганы айтылууда


АКШ жана Ирак басылмалары тараткан кабарга ылайык, атайын күчтөр Ирактын түндүгүндө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун химиялык куралдар боюнча башкы адисин колго түшүрүштү.

Ирак расмийлеринин Батыш журналисттерине берген маалыматтар боюнча, кармалган жаран - Сулайман Дауд ал-Афари мурда Саддам Хусейдин аскердик-өндүрүш системасында химиялык жана биологиялык куралдар боюнча адис болуп иштеген.

50 жаштагы ал-Афари ИМдин химиялык курал жаратуу программасын башкарган. Азырынча Пентагон анын кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Божомолдорго караганда, 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары “горчица газы” деп аталган химиялык курал колдонуп келет.

Мурдараак Ирактагы күрттөр “Ислам мамлекети” террордук тобу күрт айылдарынын бирине "Катюша" ракетасына орнотулган химиялык каражат менен чабуул койгонун, андан кеминде 40 адам ууланып, ооруканага түшкөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG