Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Дональд Трамп Вашингтондо добуш топтой алган жок


Республикачылар арасындагы президенттикке талапкерлик үчүн жарышта миллиардер Дональд Трамп буга чейин бир канча штаттарда алдыга озуп чыкса, бул ирет жетиштүү добуш топтой албады. Вашингтондогу партиялык жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында аны флоридалык сенатор Марко Рубио утуп алды. Ал эми Вайоминг штатындагы праймеризде техастык сенатор Тед Круз алдыга озду.

Дональд Трамп Америкадагы бардык көйгөйлөргө мигранттар менен мусулмандарды айыптаган популисттик сөздөрдү айтууда. Республикачылар партиясынын жетекчилиги аны колдобой жатат.

Ал эми демократтардын арасында мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон алдыда. Анын башкы атаандашы катары сенатор Берни Сандерс аталып келүүдө. АКШда президенттик шайлоо быйылкы жылдын 8-ноябрында өтөт.

XS
SM
MD
LG