Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Иран мунай өндүрүүнү дагы көбөйтөт


Ирандын мунай өндүрүү боюнча министри Бижан Зангане.
Ирандын мунай өндүрүү боюнча министри Бижан Зангане.

Иран мунай өндүрүүнү марттын аягына чейин суткасына 2 миллион баррелге жеткирет. Бул тууралуу өлкөнүн мунай өндүрүү министри Бижан Зангане жекшембиде билдирди.

Министр февралдагы көрсөткүч суткасына 1,75 миллион баррелге жеткенин белгилеп, бул Европа Иран мунайына санкция киргизген маалдан берки эң жогорку көрсөткүч деп атады. Министр мунай өндүрүүнү чектөө маселеси суткасына 4 миллион баррелге чыкканда гана караларын кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү Тегеранга Орусиянын энергетика министри Александр Новак келет. Зангани жолугушууда мунай саясаты сөзсүз талкууланарын жашырган жок.

Орусия глобалдык базарда мунайдын кескин түшүп кеткен баасын кайсы бир деңгээлде көтөрүү үчүн өндүрүштү кыскартууну сунуштап келет. Зангани мурдараак бул идеяны анчейин жактырган эмес. Иран узак жылдар бою киргизилген санкциялардан улам кескин кыскарган кара май өндүрүшүн тез арада көтөрүүнүн аракетинде.

XS
SM
MD
LG