Интернетте Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана 2010-жылы апрелдеги Таластагы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири Дуулат Турдуналиевдердин сүйлөшүүсү делген, тымызын жаздырылып алынган аудио тарады. Анда март айында Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразылык акцияларды уюштуруп, бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болгон. Бектур Асанов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, үчөө жолукканын тастыктады, бирок бийликти күч менен басып апуу эмес, мыйзамдуу жол менен кетирүү тууралуу сөз болгонун билдирди жана бул аудиону каралоо, оппозицияны жаманатты кылуу аракети деп атады.
Кыргызстанда буга чейин деле өлкө башчылары, көрүнүктүү саясатчылар жана оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү делген, тымызын жаздырылган аудиолору жарыяланып келген. (EBM)