Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Чек ара талашына Орусия аралашабы?


Аксыдагы митинг
Аксыдагы митинг

Аксыда өткөн кээ бир оппозиция өкүлдөрүнүн жыйынында орус президенти Владимир Путинди кыргыз-өзбек чек ара талашын жөнгө салууга ортомчулук кылууну сураган кайрылуу кабыл алынды.

Ошондой эле оппозиция муну бийликтин шалаакылыгы деп атап, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ШКУ менен ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын катышуусун талап кылды. Аксыга барган өкмөт башчысы Темир Сариев жалган патриоттор чек арага жамынып, өзүнүн саясий кызыкчылыгын көздөгөнүн сындап, маселе мамлекеттик деңгээлде эки тараптуу дипломатия жолу менен гана чечилүүгө тийиш экенин айтты.

Оппозициянын айыптоосу

Кербенде өткөн жыйында айрым оппозиция өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн Шанхай кызматташтык уюму менен Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу эл аралык бирикмелердин катышуусун камсыздоо зарылдыгы сунушталды. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара чатагын чечүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди ортомчу болууга чакыруу жагы көтөрүлдү. Бул тууралуу 22-мартта Аксыда өткөн оппозициянын митингинин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда көрсөтүлдү. Ошондой эле чек арада түзүлгөн соңку кырдаал үчүн оппозиция өлкө жетекчилигин айыптап, муну "тышкы саясатты жүргүзүүдөгү шалаакылык" деп атады.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров мындай деди:

- Биздин буга чейинки президенттер да коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери менен теңата саясат жүргүзө алышкан жок. Ошондуктан Үзөңгү-Куушту Кытайга бердик. Ошондо дагы “ал аймак талаш жер экен” деп айтышкан. Качанга чейин “бул тактала элек, чийиле элек жер” деп кыргыз бийлиги өзү ошентип чек ара талашына шарт түзүп, өнөкөт жарата берет. Жок! Бул жер кыргыз тараптын колдонуусундагы такталган эле жер.

Өкмөт башчынын жообу

Бийлик коңшу өлкө менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып, Аксыда митинг уюштурган оппозицияны түзүлгөн жагдайды саясый упай топтоо үчүн өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айыптаган болчу.

22-мартта Аксыга барып, оппозициянын курултайына катышкан өкмөт башчысы Темир Сариев чек ара чатагы курчуган маалда оппозициянын ага кошумча болуп, ички олку-солкулукка жол берип жаткан жагдайды "саясий кызыл кулактык" деп атады:

- Ушул эле Бекназаров бийликте туруп, чек ара маселесин тактаганга эки ирет мүмкүнчүлүк болду. Эми азыр келе коюп, калп эле чек араны шылтоо кылып, жылаңач баатыр болуунун кереги жок. Бул жерде айтылган маселенин бардыгы тең азыр биз жактан каралып чечилип жатат. Ошол эле ЖККУ, БУУ жана ШКУ сыяктуу эле аралык уюмдар менен иш алып баруудабыз. Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечебиз.

Оппозиция менен бийликтин кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

"Орусияга кайрылуу мени нес кылды"

Аксы-Ала-Бука жолун бөгөп алган өзбек чек арачыларына карата чара көрө албай жатканын сынга алган оппозиция өкмөттөн Ташкент менен жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүүнү да талап кылды. Бирок геосаясатка байланышкан маселеде оппозиция өкүлдөрүнүн көз карашы эки башка чыкты.

Кербендеги оппозиция жыйынында Орусиянын президентине жасалган кайрылууну сынга алган оппозициячы саясатчылардын бири Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

- Менин оппозициядагы пикирлештеримдин чек ара маселесин чечип берүү үчүн Владимир Путинге кайрылабыз дегени мени аябай нес кылды. Мен муну күткөн эмес элем. Биз эгемен мамлекет катары ири маселелерди өзүбүз чечебиз деп жүргөн шартта биздин айрым оппозиция өкүлдөрүбүздүн бул кайрылуусу аларга дагы Путиндин айланасындагы күчтөрдүн таасири чоң экендигинин далили болуп эсептелет. Азыр кыргыз тарап ошентип кайрылса, Путин маселени анын пайдасына чечет деген кепилдик жок да. Биз ага ыйгарым укук берсек, бирок Путин Өзбекстандын кызыкчылыгына карата ойноп кетсе эмне болот? Анда бул оппозиция өкүлдөрүнүн улуттук кызыкчылыкты жана геосаясий жагдайды түшүнбөй жатканынан кабар берет.

Аксыда өткөн митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда өзбек аскерлери басып кирген жер совет доорунан бери Кыргызстанга таандык экени жана аны алдырууга жол берилбей турганы жазылган.

Кыргызстандын өзек чек арачыларынын тактала элек тилкени ээлеп алганына байланыштуу нааразылык нотасына Ташкент ушул учурга чейин жооп бере элек.

Чек ара чырынын таржымалы

18-марттан бери Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесин Өзбекстандын чек арачылары ээлеп алган болчу. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен-Ала-Бука жолу өтөт.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов чакыртылып, ага расмий Ташкенден түшүндүрмө талап кылган нааразылык нотасы тапшырылган. Өзбекстан болсо бөтөн тилкени ээлеп албаганын айтып, болгону Нооруз майрамына карата Кыргызстан менен болгон өзүнүн чек ара тилкесинде көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялады. Ошондой эле Өзбекстан мамилени татаалдаштырбоо үчүн кыргыз тарапты такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Мындан сырткары Өзбекстан ремонт иштерине байланыштуу Кыргызстан менен болгон чек ара өткөрмө бекеттери убактылуу жабылганын билдирген.

​Чек ара кызматынын башчысы Дүйшөнбиевдин оюнча, өзбек чек арачыларынын аракети Нооруз майрамына байланыштуу эмес.

"Нооруз майрамы мурдатан эле майрамдалып келген. Чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга негиз жок болчу. Өзбек чек арачылары эмнеге мындай аракетке барганы түшүнүксүз болуп жатат", - деди чек ара башчысы.

Чек араны бекемдөө маселеси боюнча ошол эле күнү президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев тиешелүү жыйындарды өткөргөн.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев 19-мартта талаштуу тилкеге барган.

20-мартта болсо бийлик Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскердик күч жөнөткөнү кабарланган.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, мындан тышкары өзбек тарап 18-мартта эртең мененки саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына "Баймак-автодорожный", "Кен-Сай-автодорожный", "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салган болчу.

Талашка мүлктөр жана жерлер себеп болдубу?

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, өзбек чек арачыларынын такталбаган тилкеге аскер техникасы менен кирип келиши Кыргызстандын менчигине өткөн бир катар объекттерге байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт аппаратындагы чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы 1991-жылкы келишимге ылайык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жайгашкан бир катар объекттер өткөн жылдан бери Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп баштаган. Өкмөттүн токтомунун негизинде Өзбекстандан Кыргызстандын толук ээлигине өткөн объекттер төмөнкүлөр:

Жалал-Абад облусу боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Чоң наманган каналы (12,9 км), Чуст каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км).

Баткен облусу боюнча Сох-Шахимардан каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжай районундагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери.

Ош облусу боюнча Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал, Савай каналы (28 км).

Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан менен талаш жараткан 24 участок бар. Алардын көпчүлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG