АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвага 23-мартта иш сапары менен келди. Бүгүн анын орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу белгиленген.
Анда Сириядагы тынчтыкты калыбына келтирүү, президент Башар Асадды бийликтен четтетүү, Украина жаңжалын жөнгө салуу жана Надежда Савченкону бошотуу боюнча маселелер көтөрүлө турганы күтүлүүдө. Керри Москвада Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен да кездешмекчи.